Беш жыл мурун аэропортто киши өлтүрүүгө шектүүлөрдүн бири Орусиядан алып келинди

Беш жыл мурунку адам өлтүрүү окуясына катышы бар делип жыл башында Орусиядан кармалган жаран Кыргызстанга алынып келинди. Бул тууралуу бүгүн, 27-сентябрда Ички иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, өлкөгө алынып келинген 1991-жылы туулган М.у.А.га "Каракчылык", "Адам өлтүрүү", "Уюшкан топ түзүү же ага катышуу" беренелери боюнча айыбы угузулуп, кылмыш иши соттук кароого жөнөтүлдү.

Эске салсак, быйыл 22-февралда ИИМ аталган шектүү Орусиядан кармалганын маалымдап, аны өлкөгө экстрадициялоо боюнча иштер жүрүп жатканын билдирген. ИИМ ага "Манас" эл аралык аэропортунда унаанын багажынан табылган таксисттин өлүмүнө тиешеси бар деп 2019-жылдын ноябрында издөө жарыялаган болчу.

Аталган окуя 2019-жылы 23-октябрь күнү болгон. Чүй облустук милициясы ал күнү аэропортто унаанын багажынан адамдын жансыз денесин табылганын, денеге кароо жүргүзгөндө маркум күч колдонулуп өлтүрүлгөнү аныкталганын, ал 39 жаштагы Хусан Каримов аттуу жаран экенин билдирген. Шектүү катары мурда соттолгон Чүй облусунун 27 жаштагы тургуну Б.Ч. жана Ош облусунун 32 жаштагы тургуну И.А. кармалган. ИИМдин 2019-жылдын 21-ноябрдагы маалымат жыйынында кармалгандардын жанынан 100 миң доллардан ашык акча табылганы, кылмышка тиешеси бар делип дагы эки жаран издөөгө алынганы айтылган. Ошондой эле маалымат жыйында Хусан Каримов менен Түркияда киши колдуу болуп каза болгон Айэркен Саймаитинин байланышы жок экени дагы айтылган. Себеби ошол учурда таксисттин өлүмүн Түркияда киши колдуу болуп каза болгон ишкер Айэркен Саймаитинин окуясы менен байланыштырган бир катар маалыматтар чыккан.

2022-жылы 28-февралда Биринчи май райондук соту айыпталуучу 32 жаштагы И.А. өмүр бою, ал эми Б.Ч. 16 жылга эркинен ажыратылганын кабарлаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан