Ички иштер министринин орун басары: "Манас" аэропортундагы унаанын багажынан табылган жарандын өлүмүнө шектүүлөрдөн 100 миң доллардан ашык акча табылды"

Бүгүн, 21-ноябрда ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов "Манас" эл аралык аэропортундагы унаа токтотуучу жайдан жансыз денеси табылган жарандын өлүмү боюнча дагы эки жаран издөөгө алынганын маалымат жыйында билдирди.

Каниметовдун айтымында, шектүү делинген дагы эки жаранга издөө жарыяланды. Ал эми буга чейин кармалган шектүүлөрдөн 100 миң доллардан ашык акча табылган. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатканын билдирди.

"Маркум ишкер болгон эмес. Ага айтылып жаткан акча каяктан которулганы тууралуу маалымат жок", - деди ал.

23-октябрда Чүй облусунун Сокулук районунда унаанын багажынан эркек кишинин жансыз денеси табылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Absamat-90
2019-11-21 12:44:42
Азыр коптор карыз болуп калып соңунда карыздын курмандыгына айланууда.
+2
chake
2019-11-21 12:51:04
Акча бар жерде чыр болот
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан