Каныбек Осмоналиев биринчи даражадагы “Манас” ордени менен сыйланды

Каныбек Осмоналиев биринчи даражадагы “Манас” ордени менен сыйланды. Тиешелүү жарлыкка бүгүн, 30-декабрда президент Алмазбек Атамбаев кол койду. Бул туурасында Президент аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди. Маалыматка караганда, Каныбек Осмоналиев спорттун өнүгүшүнө жана келечек муунду тарбиялоого салым кошкондугу үчүн аталган орден менен сыйланган. Эске сала кетсек, Каныбек Осмоналиев оор атлетика боюнча “Москва-1980” Олимпиадасынын чемпиону.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан