Бүгүн, 30-декабрда Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев 2013-жылдын
11-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай
Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы "Кыргызстан-Кытай" газ өткөргүчүн куруу жана пайдалануу кызматташтыгы жөнүндө
макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзамга кол
койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Мыйзам
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2013-жылдын 25-декабрында кабыл алынган.
КРнын Тышкы иштер министрлигине макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички
мамлекеттик жол-жоболорду аткаргандыгы жөнүндө билдирүү тапшырылды.
Мыйзам
расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.