Шаар тургундарын "Жыл жаңырыгы" наамынын ээси Алтынай Нарбаева куттуктады
Бишкектин борбордук аянтында Жаңы жыл майрамына карата концерттик программа өтүүдө. Анда шаар тургундарын "Кыргыз руху" фольклордук ансамбли, "Сувенир" ыр-бий ансамбли, КРнын Эл артисти Үмүт Тилегенова, мэриянын алдындагы №4 -чыгармачыл балдар мектеби, ошондой эле "Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча "Жыл жаңырыгы" наамынын ээси Алтынай Нарбаева куттуктап, ыр белек тартуулашты.