Шаардагы Жаңы жылга карата жасалгаланган троллейбустар жүргүнчүлөргө майрамдык маанай тартуулашууда

Бишкекте бүгүн, 31-декабрда Жаңы жылга карата жасалгаланган  “Мыкты троллейбус” сынагы жыйынтыкталды. Ага катышкан айдоочулар 20-декабрдан баштап троллейбустарды жасалгалашкан. Экинчи орунду алган №9-троллейбустун айдоочусу кубанычын жашырган жок. 

“Биринчи орунду алам деп ойлогом. Ошентсе да сүйүнүп жатам. 1-орунга 7 миң сом, 2-орунга 5 миң сом, 3-орунга 3 миң сом берилет. Атайын комиссия текшерип жеңүүчүлөр аныкталды. 2 жылдан бери троллейбус айдап жүрөм. Жумушум өзүмө абдан жагат”,- деди Базаркулова Кымбат. 

Жүргүнчүлөргө майрамдык маанай тартуулаганын шаар тургундары да белгилеп өтүштү.    

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан