Борбордук Ала-Тоо аянтынын айланасындагы көчөлөр жабылды. Бул туурасында бүгүн, 31-декабрда Бишкек ШИИББинин Жол-кайгуул кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жолдордун жабылышы Жаңы жыл майрамына байланыштуу.
Чүй проспектисинин Эркиндик бульварынан баштап Орозбеков көчөсүнө чейин жабылып турат.
Ал эми Киев көчөсү автотыгын болгон учурларда Абдрахманов көчөсүнөн Т.Молдо көчөсүнө чейин маал-маалы менен жабылып турмакчы. Ошондой эле Тыныстанов көчөсү Киев көчөсүнөн Фрунзе көчөсүнө чейин жабык болот.