Акыркы сутка ичинде Бишкек шаардык “Тез жардам” кызматына 534 чакыруу келип түшкөн. Бул туурасында аталган мекемеден бүгүн, 31-декабрда билдирди.
Маалыматка караганда, медицина кызматкерлери 381 чакырууга барышып, 100 адам ооруканага жеткирилген. Ошондой эле бир сутка ичинде 3 биологиялык өлүм катталган. Алардын арасында 41 жаштагы аял жана бир жашар бала бар.