2013-жылы Жогорку Кеңеште 360 мыйзам долбоору каралды. Бул туурасында бүгүн, 31-декабрда Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 2013-жылы 75 жыйын өткөрүп, 360 мыйзам долбоору каралган. Алардын 262и кабыл алынып, КРнын Президенти тарабынан 213 мыйзамга кол коюлду.