SUPER.KG порталынын эмгек жамааты баарыңыздарды кирип келген Жылкы жылы менен куттуктайт!
Жадыраган жаңы жыл жакшылыктарды жылоолосун. Жаңы жылда жагымдуу жана жигердүү жумуштар жаралып, жашообуз жылкыдай жорголоп, ийгиликке, ырыскыга жана берекеге мол болсун! Күнөстүү өлкөбүзгө тынчтык, бейпилдик, аруулук жана өнүгүү тилейбиз! Алдыга койгон ой-максаттардын баары орундалсын! Жалпыбыз жакшылыкка жанашып, аман-эсен чогуубуз менен кийинки Жаңы жылды чогуу тосолу!
Жыл бою биз менен бирге болуп, ой бөлүшкөн колдонуучуларыбызга, окурмандарыбызга терең ыраазычылык билдиребиз. Ар дайым биз менен болуңуздар.
Жаңы жылыңыздар менен!