КРнын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев кыргызстандыктарды Жаңы жылы менен куттуктады. Ал куттуктоо сөзүндө 2013-жылдагы өлкөдөгү жетишкендиктерге токтолуп өттү.
"Урматтуу кыргыз элим! Ушул мүнөттө өткөн жылга көз салып, жылдын кубанычтуу ирмемдерин эскерип, дайыма жаркын күндөрдүн көп болуусун каалайбыз. Жаңыдан кирип келген жаңы жылда үмүттөрдү жаңыландырып, аруу тилек, жакшылыктардын көп болуусун каалайбыз. Өтүп бара жаткан жыл биз үчүн оңой жыл болгон жок. Бирок ага карабастан саясий жана экономикалык стабилдүүлүктү камсыз кылуу менен ички дүң продукцияны былтыркыга салыштырмалуу 10 пайызга өстүрө алдык. Мамлекетибиздин бюджетине былтыркыга салыштырганда 14 миллиард сомго көп киреше чогулуп, жалпы бюджет 92 миллиард сомдон ашты. Өнөр жай, айыл чарба, курулуш, соода, туризм, кызмат көрсөтүү тармактарында өсүү болду. Айыл чарба тармагына 3 миллиард 200 миллион сом жеңилдетилген насыялар берилди",- деди өкмөт башчы.
Ошондой эле ушул сыяктуу иштер 2014-жылы да уланарын айтты. Кыргызстанда тынчтык жана туруктуулук болсо өлкө жаңы жетишкендиктерге жетерин кошумчалады.
"Урматтуу мекендештер! Ушундай улуу мүнөттө жакшы каалоо-тилектеримди айтамын. Кыргыз элинде илгертен бери “Ат адамдын канаты” деп сыймык менен айтылып келет. Элибиз ыйык туткан Жаңы Жылкы жылында кубанычтуу күндөр көп болсун. Сиздерге бекем ден соолук, бакыт каалайм! Жаңы жылыңыздар менен!",-дейт куттуктоо сөзүндө Жантөрө Сатыбалдиев.