“Кыргызстан – кыскаметраждуу тасмалардын өлкөсү” фестивалы аншлаг менен өтүп жатканын фестивалдын уюштуруучулары билдирди. Уюштуруучулардын айтымында, фестиваль өтүп жаткан “Манас” кинотеатрында жетекчилик фестивалды өткөрүү үчүн 60 адам батчу залды бөлүп берген. Бирок көрүүчүлөр көрсөтүлгөн көрсөткүчтөн ашык келишип, учурда уюштуруучулар жетекчиликтен дагы бир залды бошотуп берүүнү суранышууда. Эске салсак, 12-декабрда Бишкек шаарында “Кыргызстан – кыскаметраждуу тасмалардын өлкөсү” аттуу фестиваль башталып, ага КМШ, Балтия жана Грузия өлкөлөрү катышууда. Ошондой эле фестивалдын алкагында көрсөтүлүп жаткан фильмдерди ар бир жаран 12-15-декабрь аралыгында саат 10:00дон 18:00го чейин акысыз борбор калаадагы “Манас” кинотеатрынан көрө алышат.