Мындай маалыматты саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы таратты.
Маалыматка ылайык, 31-декабрдан 1-январга караган түнү ар кандай себептер менен 1168 адам Бишкектеги ооруканаларга кайрылып, алардын 418и жаткырылган. Ооруканага жаткырылгандардын 23ү жаш балдар.
Белгилей кетсек, кайрылгандардын 19у пиротехникаларды аттыруудан жабыркаса, 4 адам ичимдиктен ууланган.