Жаңы жыл алдында, тагыраак айтканда, 30-декабрда саат 15:00дөр чамасында Бишкек шаардык перинаталдык борборунда 4 эм жарыкка келди. Тилекке каршы, эркек балдардын бири жатындан чыга электе эле чарчап калган. Калган ымыркайлар 2 килограмм 300 грамм, 2 килограмм 10 грамм, 1 килограмм 750 грамм салмакта төрөлүшкөн.
Бүгүн, 2-январда ымыркайлардын жана эненин ден соолугун билүү максатында перинаталдык борборго баш бактык. 4 эмди жарыкка алып келген 30 жаштагы Бактыгүл Молдотаева 3 баласына ак сүтүн берип жатканына бир кубанса, бир туруп бир эркек баласынын чарчап калганына ичи ачышып жатканын билдирди.
"Жылкы жылы биздин үй-бүлө үчүн жакшылык менен башталды. Үй-бүлөбүз минтип 3 ымыркай менен толукталып отурат. Аябай кубанычтабыз. Кудайдын буйругу экен, төртүнчү наристемди жарыкка алып келе албадым. Бала жакшы өөрчүбөй калыптыр. Эми калган үчөөсүнө ден соолук, өмүр берсин деп тилеп жатабыз. Азырынча чүрпөлөрүбүзгө ат тандай элекпиз. Ден соолугум эми жакшыра баштады, буюрса, жакшы ысымдарды тандайбыз.
Негизи, төрт эмдүү болорубузду 1 айында эле билгенбиз. Ошондон бери дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп жаттым. Дарыгерлерге чоң ыраазычылык билдирем, 3 баланы жарыкка алып келип, ден соолугубузга кам көрүп жатышат.
Булардан тышкары үйдө 6 жаштагы кызым жана 3,5 жаштагы уулум бар. Жолдошум куруучу болуп иштейт. Келечек жаңы конушунда батирде турабыз. Эми үйгө чыксак, 5 бала менен бир бөлмөдө кыйналам го деп ойлонуп жатам. Өкмөт биздин шартты эске алса керек деген үмүтүм бар" деген оюн билдирип өттү Бактыгүл.
Ал эми 4-Бишкек шаардык перинаталдык борбордун башкы дарыгеринин педиатрия бөлүмү боюнча орун басары Чынара Рахманова: "Быйылкы жыл ийгиликтүү башталды. Жаңы жыл алдында Бактыгүл 4 эм төрөдү. Дагы эки эне эгиздүү болушту. Бактыгүлдү болсо 30-декабрда ден соолугуна карап операция жолу менен төрөтүп алдык. Тилекке каршы, Бактыгүлдүн бир баласын сактай албадык, ичтен өлүү түштү. Учурда калган үчөөсүнүн жана энесинин ден соолугу жакшырып калды. Балдарга эмчек эмизүү процессин үйрөтүп жатабыз. Буюрса, 2-3 күндүн ичинде вакуумдан чыгарабыз",- деп кошумчалады.