Кыргызстан 17-январда башталып 26-январда Берлин шаарында өтө турган экологиялык таза азык-түлүктүн жарманкесине катышат. Бул тууралуу жарманкенин уюштуруучулары кабарлашты.
Маалыматта айтылгандай, иш-чара жалпы аянты 115 миң чарчы метрлик "Messe Berlin" көргөзмө комплексинде өтмөкчү. Ал жерден Кыргызстан үчүн 50 чарчы метр аянт бөлүнгөн. Быйыл жарманкеге белгилүү "Шоро", "Артезиан", "Кыргыз коньягы" компаниялары менен катар эл аралык рынокко эми гана чыга баштаган фирмалар катышышат. Алардын арасында жалал-абаддык "EUM", "Токой азыгы", баткендик "Алыш-Дан" жана көлдүк "Бир айыл - бир азык" ишканалары бар.
Белгилей кетсек, аталган көргөзмөгө Кыргызстан ушуну менен алтынчы жолу катышканы жатат. Иш-чаранын алкагында 200гө жакын өлкөнүн айыл чарба министрлери катышкан чоң жыйындын болушу күтүлүүдө.