Кыргызстанда кант кантип өндүрүлөт. Талаадан баштап капка чейинки сапар (видео)

Рекорддук түшүмдүн жана жабдуулардын модернизациялоосунун аркасында быйыл Кыргызстан стратегиялык маанилүү продукт – кант менен өзүн 100%га камсыздайт. Бирок кадимки кызылча биздин үстөлдөрдөгү таттуу продуктусуна кантип айланат? “Каинды-Кант” заводу SUPER.KG порталына бүткүл процессин көрсөттү: кызылчаны түшүрүп, кабыл алуудан баштап кантты каптарга салыштырууга чейин.

Юрий Урженко – Чүй облусунда кант кызылчасын өндүргөн төрт миң дыйкандардын бири. Анын талаасында тушум жыйноо улантылып жатат. Комбайн тамыры жемиштерди жүк ташуучу унааларга жүктөйт, алар дароо эле кабыл алуу пунктуна жөнөйт. Акыркы жылдары фермердин мобилдик тиркемеси аркасында түшүм жыйноо процессине мониторинг жүргүзүү жеңилдеди.

“Бул тиркеменин жардамы менен кызылча пунктуна жеткирилген кызылчанын көлөмүн, анын канттуулугунун деңгээлин, булганышын ж.б. көзөмөлдөсө болот. Бул жерде биржа дагы бар жана канттын учурдагы баасын көрө аласыз. Үрөн сатып алса болот”, - дейт дыйкан.

Биз сегиз кызылча пунктунун биринде — Беловодскоеде турабыз. Ал 96 миң тоннадан ашык түшүм кабыл алды, анын 48,5 миң кайра иштетүүгө жөнөтүлгөн. Сатып алуу баасы – быйыл тоннасына 5 миң 500 сом же килограммына 5,5 сом. Дыйкандар менен кызматташуу эки келишимдин негизинде жүргүзүлөт. Биринчи учурда кызылчачылар бардык сумманы кант менен алышат, экинчисинде 30% накталай, 70% даяр продукция менен төлөнөт.

“Биздин гана пунктка быйыл бардыгы болуп 140 миң тоннага жакын кант кызылчасы келери күтүлүүдө. Кабыл алуу процесси 1-декабрга чейин толук аяктайт. Дыйкандар түшүмдүн 65%ын тапшырышты, бул өткөн жылдардагы графиктен бир кыйла озуп кетти”, — дейт Беловодск айылындагы кызылча кабыл алуу пунктунун начальниги Рашид Осмонкулов.

Ушул жерден кант кызылчасынын “Каинды-Кант” заводуна сапары башталат. Ал темир жол аркылуу жеткирилет. Чийки заттын сапатын жеринде лаборатория аныктайт. Кызылчадан үлгү алынып, жуулуп, тазаланат жана канттын курамына талдоо жүргүзүлөт. Бул көрсөткүч 14%дан жогору болушу керек.

Кызылча кайра иштетүүчү цехке гидравликалык транспортер аркылуу жеткирилет. Бул жерде ал жуулуп, катыштардан ажыратылат. Андан кийин тамыр жемиш майдаланып диффузиялык аппаратка жиберилет, ал жерден кант суу менен чыгарылат. Алынган ширени тазалоо химиялык жана физикалык фильтрациялоону кошкондо бир нече этапта жүргүзүлөт. Андан кийин ал бууланат. 60%дык кантты камтыган сироп кайнатуу, кристаллдашуу жана кургатуу камтыган татаал процесстен өтөт.

“Эгерде өткөн жылы биз 381 миң тоннага жакын кант кызылчасын кабыл алып, 46-50 миң тоннага чейин кант өндүргөн болсок, быйыл 500 миң тоннаны кайра иштетип, 70 миң тоннадан ашык кум шекер чыгарууну пландаштырып жатабыз. Бул биздин заводдун күчү менен гана. Жалпысынан “Кошой” заводу менен биргеликте 900 миң тоннага жакын кызылчаны кайра иштетип, кыргыз дыйкандары өстүргөн кызылчадан өндүрүлгөн кант менен республикабызды толук камсыз кылууну пландап жатабыз”,-дейт “Каинды-Кант” ААКтын башкы директорунун орун басары Таалайбек Сыдыков.

Диффузиялык аппаратты модернизациялоо менен завод кызылчанын өндүрүмдүүлүгүн суткасына 3,7 - 4 миң тоннага чейин жогорулатты. Бөтөн заттарды тосуп салуу үчүн таш капкандар орнотулган. Ноябрь айынын аягында жаңы жабдуу - өндүрүштүн эффективдүүлүгүн жогорулатуучу кристаллизатор ишке киргизилет. Анын көлөмү сегиз кабаттуу имараттан жогору. Учурда монтаждоо иштери жүрүп жатат.

Даяр кумшекер 50 килограммдык капка салынат. Андан кийин даяр продукция кампага жөнөтүлөт. Сандар таасирдүү – бүгүнкү күнгө чейин кайра иштетүү процесси бүткөн жок, бирок кампага 16,5 миң тоннадан ашык кант келип түшкөн.

Маалымат үчүн: “Каинды-Кант” заводу 1963-жылы курулуп, ишке киргизилген. Ошол эле жылдын 5-январында ал канттын биринчи партиясын чыгарган. Завод иштеп жаткан мезгилдин ичинде 15,43 млн тонна кант кызылчасын жана 1,6 млн тонна камыш кантын кайра иштетип, бардыгы болуп 3,18 млн тонна кант чыгарган.

Кыргызстанда кант кантип өндүрүлөт. Талаадан баштап капка чейинки сапар
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан