Президент Садыр Жапаровдун "Кабар" маалымат агенттигине кезектеги чакан маеги жарыяланды.
Анда журналист: "Урматтуу Садыр Нургожоевич, буга чейинки маектериңизде биз сөз кыла турган адамдарга эч көңүл бурбайм жана жооп да бербейм дедиңиз эле. Бирок акыркы убакта болбой эле соцтармакта ар кыл талкуулар жүрүп жаткандан улам сизге суроо менен кайрылууну туура көрдүк. Кеп камактагы Мелис Аспеков аттуу жарандын видео кайрылуулары тууралуу. Ушул боюнча сиздин комментарий кандай?" - деген суроо узатты.
"Ооба, жооп да бербейм, көңүл да бурбайм дегем. Ар бир “үрүп чыккан иттерге” көңүл бура берсең жетчү жериңе жетпей каласың. Мамлекеттин иши менен алек болбой эле, ар бир аферистке жооп берип отурсам анда кантип мамлекетти саздан сууруп чыгам? Ошондуктан жолумдан “үрүп чыккан” анча-мынча “иттерге” көңүл бурбай, баш көтөрбөй иштей беришим керек. Жыйынтыгына эл жана тарых баа берет.
Элдин баарына 100 пайыз жакпайсың. Анча-мынча терс сүйлөгөн адамдар сөзсүз болот. Жакшы иштерди көрүп турса да көргүсү келбегендер бар. Эң негизгиси көпчүлүк эл колдоп турса болду. Көздөгөн максатыбызга жетебиз. Дүйнө жүзү боюнча 30 өнүккөн өлкөнүн катарына кошулабыз", - деп жооп берген өлкө башчы.
Ошондой эле мамлекет башчысы чындык ким тарапта экенин эл өзү таразалап алат деген.
"Аспеков, Темиров дегендердин жалаалары мага чымын чаккандай да болбойт. Жооп да бербейм. Эмне кылам аларга убактымды коротуп, жооп берип. Чындык ким тарапта экенин эл өзү талдап алат" деди президент.
Эске салсак, Аспеков ушул жылдын март айында күчөтүлгөн режимде 7 жылга эркинен ажыратылган. Ал 2023-жылдын сентябрында массалык башаламандыкка даярданган деген айып менен кармалган болчу. Акыркы убакта Аспековдун абактан жасаган видео кайрылуулары социалдык тармактарга жарыяланып келет.
Буга чейин президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков элди абактагы Аспековдун айткандарына ишенбөөгө чакырган.