Эртең, 5-январда шаардык кеңештин КСДП фракциясы Бишкек шаарынын мэрлик кызматына талапкерди көрсөтүү боюнча атайын отурум уюштурат. Бул тууралуу аталган фракциянын өкүлдөрү кабарлашты.
Маалыматка ылайык, отурум Свердлов акимиатынын имаратында орун алат. Жыйында Бишкек шаарынын мэрлик кызматына талапкердин ысымы көрсөтүлүп, талкууга алынат.