Света Эсенказиева Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Көл-Төр айылында 1988-жылы туулган. Айылдагы орто мектепти аяктагандан кийин Бишкек шаарында тигүү тармагында иштеп жүрүп, 19 жашында турмуш курган. 2013-жылы жол кырсыгына учурап, басуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган. Бирок турмуштун сыноосуна сынбаган күчтүү айым спорт менен машыгып, ийгиликтерди жарата алды.
Света айым биздин SUPER.KG порталыбыздын "Чектелбеген мүмкүнчүлүк" рубрикасына маек берип, жетишкендиктери, алдыдагы пландары тууралуу бөлүштү.
– Саламатсызбы, Света айым? Жакында Индияда өткөн пара-армрестлинг спорту боюнча уткан алтын байгеңиз кут болсун! Сиз үчүн бул жетишкендигиңиздин баасы канчалык?
– Саламатчылык. Куттуктооңуз үчүн рахмат! Мен ал жакта оң жана сол кол боюнча күч сынашып, эки алтын медаль алдым. Бул жетишкендигим үчүн өзүм абдан сыймыктанам. Пара-армрестлинг боюнча Азия Кубогу Индиянын Мумбай шаарында 18-октябрь күнү болгон. Ал жакка өлкө атынан 12 спортчу Толкунбек Исаков агайдын жетекчилиги алдында барып каттыштык.
– Бул эл аралык даражадагы алгачкы жеңишиңизби?
– Жок. Буга чейин дагы Азия, Дүйнө биринчиликтерине катышып келгем. Быйыл май айында Өзбекстандын Ташкент шаарында өткөн Азия чемпиондугунда 65 килограмм салмак ченинде эки колдон тең жеңүүчү болдум. 22-августта болсо Молдованын Кишинёв шаарында Дүйнө биринчилиги болуп, ал жактан оң кол, сол колдон тең күмүш байге тагындым. Анда өзүмдүн салмагымдан жогорку категорияда катышып калгам.
– Пара-армрестлингге келишиңизге эмне себеп болду, бул жөнүндө толук баяндап берсеңиз?
Тилекке каршы, мен 24 жашымда жол кырсыгына кабылгандан кийин басуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырап, биринчи топтогу майыптыгы бар жаран болуп калдым. 19 жашымда турмуш курган элем. Ортобузда эки балабыз бар болчу. Авариядан кийин жолдошум экөөбүз ажырашканбыз. Кийин айылдан Бишкекке келип жүрүп, 2020-жылы "Равенство" коомдук бирикмесинин Көз карандысыз жашоо борбору тууралуу угуп, келип окуп, иштеп калгам. Анан 2021-жылы Бишкекте мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн арабада жарыш өтүп, катышып калдым. Бир чакырымга созулган аралыктагы мелдеште биринчи келдим. Жеңиш спортко болгон шыктануумду ойготкон. Менде "спортту алып кетсем болот экен" деген ой пайда болду. Өзүмдүн спортко болгон шыгым окуп жүргөндө эле бар болчу. Мектепте волейбол, баскетбол боюнча командалык оюндарда ойноп жүрчүмүн. Анан биздин борбордо Толкунбек Исаков деген агай бар болчу. Ал мага "сен пара-армрестилингге катышып көрбөйсүңбү?" деп сунуш кылып калды. Мен макул болуп, алгач 2022-жылы борбор калаада өткөн өлкө биринчилигинде күчүмдү сынап көрдүм. Ал мелдеш менин бул спорт түрүнөн алгачкы жеңишим болуп калды.
– Үй-бүлө кургам, балдарым бар деп калдыңыз. Учурда балдарыңыз менен байланышып турасызбы?
– Ооба. Авариядан кийин жолдошум экөөбүз 5 жыл жашап, ажырашуу чечимин кабыл алганбыз. Бул чечимди экөөбүз бири-бирибизди түшүнүү менен кабыл алдык. Кандай болгон күндө да бул мага биринчи оор тийди, бирок азыр өз жашоом менен алек болуп, ийгилик жаратууга умтулуп келем. Экөөбүздүн ортобузда бир бала, бир кызыбыз бар болчу. Балдарыбыз жолдошумдун колунда калган. Учурда балдарым менен кабарлашып, жолугуп турам.
2013-жылы 8-март күнү эртең менен Боз-Бешик айылындагы үйүмдөн азык-түлүк алуу үчүн Каракол шаарына бардым. Жети-Өгүз районуна караштуу бул айылга турмушка чыккан болчумун. Облустун борборунан керектүү продуктуларды алган соң кичи автобуска отуруп, айылга жол тарттым. Айылга 5 мүнөттүк жол калганда, саат 4төр болсо керек эле, маршрут ала салып кетти. Жол кырсыгына эмне себеп болгонун билбейм. Эсимдегиси жүргүнчүлөрдүн арасынан каза болгондор болгон. Мен катуу жаракат алып, ооруканага түштүм. Бел омурткаларым талкаланып калыптыр. Операция жасатуу үчүн "Тез жардам" унаасы менен Бишкекке жеткирилип, темир коюлган
– Учурда эмне менен алексиз?
– Мен азыр уюмдун Көз карандысыз жашоо борборунда администратор болуп иштейм. 4 жыл болду. Бул жакта майыптыгы бар кыздар жатып окушат. Мен аларды окутам. Учурда өзүм болсо Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университеттин педагогикалык колледжинде билим алып жаткан чагым. Мындан тышкары машыгуу менен алекмин.
– Сиз ийгилик жаратып келген чет өлкөлөрдөн кандай өзгөчөлүктөрдү байкай алдыңыз?
– Мен Индиянын майыптыгы барлар үчүн түзүлгөн шарттарын баса белгилегим келет. Ошол эле спорт сарайында, мейманканаларында, соода борборлорунда майыптыгы барлар үчүн бардык шарттар каралган. Тилекке каршы, бизде мындай шарттар жок. Университетке экзамен, модул тапшырганы барганда да кыйналам. Өйдөкү кабатка көтөрүлүү үчүн лифт жок, же атайын араба менен чыга турган жерлер жок. Сөзсүз жаныңда бир киши болушу керек. Мындан тышкары индиялыктардын майыптыгы барларга кылган мамилеси өтө сылык болот экен. Жөн эле соода борборлоруна барсаң кароолчулары жылуу мамиле кылып, жардамдашып турушат. Бул да болсо индиялыктардын өзгөчөлүгү деп билем.
– Алдыда кандай максаттарыңызды ишке ашырууну пландап жатасыз?
– 2028-жылы АКШда өтө турчу Паралимпиада оюндарына чоң теннис спорту боюнча катышууну пландап жатам. Учурда машыгуу менен алекмин. Окуумду бүтсөм уюмдагы кыздарга дагы да терең билим берсем дейм. Менин жашоомдогу эң башкы максатым – бул балдарыма үлгүлүү эне болуу. Алар менин басып жүргөнүмдү эс тартып көрбөй калышты. Андыктан балдарым "апам менен сыймыктанам" деп айта алышса, анда менин чоң максатым ишке ашмак.