Президенттин карындашынын колун сураган Афтандил Сабырбековдун камактагы мөөнөтү узартылды

Афтандил Сабырбеков менен анын агасы Тариэл Сабырбековдун камактагы мөөнөтү кийинки жылдын 3-январына чейин узартылды. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 3-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунан ырастады.

Маалыматка ылайык, алардын баш коргоо чарасын райондук сот 2-декабрда караган.

Белгилей кетсек, айрым маалымат каражаттары Афтандил Сабырбеков синтетикалык баңгизат сатууга шектелип милиция кызматкерлери тарабынан 5-июлда кармалганын жазып чыгышкан.

Ал укук коргоо органдары тарабынан кармалганын президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов 10-июлда ырастаган. Көп өтпөй Афтандил Сабырбековдун агасы да кармалганы белгилүү болгон.

Анын 25-июнда президент Садыр Жапаровдун инисинин кызы Лазат Нуркожоеванын колун сураган видеосу социалдык тармактарга тараган. Бул коомчулуктун сынына кабылып, айрымдары аша чапкандык экенин айтышкан. Талкуу жараткан окуядан кийин Садыр Жапаров өз пикир билдирип, болочок күйөө баласы жаштык кылганын айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан