Лазат Нуркожоеванын жигитинин агасы да камакка алынды

Президент Садыр Жапаровдун инисинин кызы Лазат Нуркожоеванын жигити Афтандил Сабырбековдун агасы да кармалып, камакка алынды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына укук коргоо органдарындагы өздүк булактар билдиришти.

Афтандил Сабырбеков менен кошо "Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо” беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында дагы бир катар шектүүлөр кармалганын айтышты. Алардын арасында Афтандил Сабырбековдун агасы Тариэл да болгондугу белгилүү болду.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы судья 8-июлда Тариэл Сабырбековдун бөгөт чарасын карап, 3-августка чейин тергөө абагына камакка алганын SUPER.KG порталына ырастады.

9-июлда айрым маалымат каражаттары Афтандил Сабырбеков синтетикалык баңгизат сатууга шектелип милиция кызматкерлери тарабынан 5-июлда кармалганын жазып чыгышкан.

Ал укук коргоо органдары тарабынан кармалганын президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов 10-июлда ырастады.

Эске салсак, 24-июнда Лазат Нуркожоеванын жигити тик учак менен сүйгөнүнүн колун сураган видео социалдык тармактарга тараган. Бул коомчулуктун сынына кабылып, айрымдары аша чапкандык экенин айтышкан.

Көп өтпөй президент Садыр Жапаров болочок күйөө баласы жаштык кылганын айткан.


                                            
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан