Чет элдик ММКлар кабарлагандай, Орусиянын бардык региондору боюнча Москва жана Санкт-Петербург шаарлары - башка улуттарга кол салуу, ксенофобия фактылары өтө көп катталган шаарлар болуп эсептелет. Бул шаарлар учурда алдынкы орунда келе жатат.
Ал эми укук коргоочулардын маалыматы боюнча мындай кылмыштардан Орусиянын 32 аймагында 20 киши мерт болсо, анын сегизи Москвада, үчөөсү Санкт-Петербургда катталган. 170тен ашуун киши жараат алган. Жабыр тарткандардын басымдуусу Борбор Азия менен Кавказдан чыккан эмгек мигранттары.
Укук коргоочулар башка динди тутунгандардын жана сексуалдык азчылык өкүлдөрүнүн запкы жеген учурлары мурунку жылга караганда көп болгонун белгилешет. Ал эми жаштар жана солчул багыттардын өкүлдөрүнө кол салуулар азайган. Соңку жылдары Орусиянын бир катар региондорунда улут аралык негизде болгон чыр-чатактар массалык баш аламандыктар менен аяктады.
Кошумчалай кетсек, өткөн жылы Москванын Бирюлево районунда, Саратов облусунун Пугачёв шаарында, 2011-жылы Москванын "Манежный" аянты менен Уралдын Сагра шаарларындагы окуялар массалык тополоңго айланып кеткен болчу.