АКШнын Коргоо министрлиги Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстанды кооптуу мамлекеттердин тизмесинен чыгарды

АКШнын Коргоо министрлиги Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстанды кооптуу мамлекеттердин тизмесинен чыгарды. Бул тууралуу 6-январда тажикстандык басылмалар жазып чыгышты. 
Маалыматка ылайык, кооптуу мамлекеттердин тизмесинен чыккандан кийин ошол өлкөлөрдө кызмат өтөгөн аскерлерге төлөнүүчү каражаттардын суммасы да төмөндөйт. Өмүргө кооптуу өлкөлөрдөгү америкалык аскерлер суткасына кошумча 7,5 доллардан алып турушкан. 
Мындан сырткары тизмеден Чыгыш Тимор, Гаити, Либерия, Оман, Руанда, Бириккен Араб Эмираттары, Бахрейн, Кувейт, Катар, Сауд Арабия, Сербия жана Черногория мамлекеттери чыккан. 
Пентагондун басма сөз кызматы тизменин кыскартылышынан 100 миллион доллар үнөмдөлөрүн билдирген.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан