Бүгүн, 7-январда КРнын Президентинин алдындагы Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия муфтий Рахматулла Эгембердиевдин айланасындагы соңку окуялар боюнча билдирүү жасады.
“Муфтий Рахматулла Эгембердиев өзүнө байланышкан чуудан коомчулуктун көңүлүн башка жакка буруп жатат. Ал өзү кылган иштерди моюнга албай актанып, болбогон нерселерди ойлоп табууда. Өз сөзүндө мамлекеттик кызматкерлер Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгында реформаларды ишке ашырууга бут тосуп жаткандыгын айткан. Ошонун ордуна муфтий Кыргызстандагы мусулмандардын
аман-эсендигине кам көрсө туура болмок”,- деп жазылат билдирүүдө.
Эгембердиев бүгүн муфтийлик кызматтан кетүү үчүн Уламалар кеңешине арыз жазды.
Эскерте кетсек, 2013-жылдын 30-декабрында youtube дүйнөлүк видеопорталына "глава ДУМК Рахматулла Эгембердиев" деген аталыштагы порнотасма жарыяланган. Анда Кыргызстандын муфтийи Рахматулла Эгембердиевге түспөлдөш адамдын бир айым менен энеден туума жылаңач "сүйүү отуна" батып жаткан учуру чагылдырылган эле. Бул боюнча комментарий берген муфтий тасмадагы өзү жана никелүү аялы экенин танбай турганын айткан. Макала менен
бул жактан толук таанышсаңыз болот.