Балбак Түлөбаев: "Камчыбек Ташиев Акылбек Жапаровдон 3-4 кадам алдыга ойлонот экен"

Камчыбек Ташиев Акылбек Жапаровдон 3-4 кадам алдыга ойлонот экен деген пикирди бүгүн, 26-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Балбак Түлөбаев айтты.

Эл өкүлү Өмүрбек Текебаевдин "Акылбек Жапаровдой болуш үчүн андан 3-4 кадам алдыга ойлонуш керек" деп айткан сөзүн эске салды.

"Демек, өкмөттүн курамында Акылбектен 3-4 кадам алдыга ойлонгондор бар экен да. Мына Камчыбек Ташиев 3-4 кадам алдыга ойлонот экен, Салык кызматындагыларды таап чыкпадыбы. Демек, бизде үмүт бар экен да, иштешибиз керек экен. Арабыздагы арамдарды жок кылышыбыз керек, элдин казынасына кол салгандардын колун кесиш керек. Эми Жогорку Кеңеш ушуну айтып эле жатабыз. Кудай буюрса, жаңы жылда мындан да жакшы иштерге баралы", - деди Түлөбаев.

Белгилей кетсек, Камчыбек Ташиев 17-декабрдагы маалымат жыйынында "Жапаровдун кызматтан кетиши салыкчылардын кармалышына байланыштуубу?" деген суроого, "жөндөн-жөн эле кызматтан кетпейт, бир нерсеге байланышы бар үчүн кетти да" деп жооп берген.

Ошондой эле УКМК төрагасы Салык кызматынын жетекчилеринин, кызматкерлеринин электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды (ЭТТК-ЭТТН) пайдалануу менен байланышкан аткезчилик иштеринен улам өлкө казынасына 30 миллиард сом түшпөй калганын айткан.

Ага чейин 6-декабарда Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы менен анын орун басары УКМК тарабынан кармалган. Алар электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарга байланышкан махинацияларга тиешеси бар деп шектелүүдө.

Жогорку Кеңеш 26.12.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан