Салык кызматынын жетекчилеринин, кызматкерлеринин электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды (ЭТТК-ЭТТН) пайдалануу менен байланышкан аткезчилик иштеринен улам өлкө казынасына 30 миллиард сом төлөнбөй калган. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйынында билдирди.
"Булар ЭТТНти ар бир товар чыкканда, мисалы, арак чыгарылганда ага акциздик марканы чаптап, сатууга жөнөтөт. Алар ЭТТНди артка кайтарып алышып аны жок кылышат да, товар болсо сатылып кете берет. Кийин чыккан товарлар да ушундай жол менен сатыла берет. Ар бир кайтарылган ЭТТН боюнча салыкчылар ал эмнеге кайтарылганын текшерип, акт түзүшү керек эле. Биз миллион ЭТТН артка кайтарылып келгенин текшердик. Бирок алардын бири дагы салыкчылар тарабынан текшерилген эмес. Жалпы айланган акча 464 миллиард сом болгон. Ушунча акчаны көмүскө экономикадан алып чыгып, салыкчылар кайра өздөрү аткезчилик менен алектенишкен. Бул жерден 30 миллиард сомдой салык төлөнбөй калган.
Биз салык кызматынын башчынын, орун басарын, кызматкерлерин ушул үчүн кармаганбыз. Мындан кийин дагы текшерүүлөр жүрөт. Булар ар бир кайтарылган ЭТТН үчүн өздөрүнүн үлүшүн алып турушкан. Миллион ЭТТНден 1 эле доллардан алышса миллион доллар алып коюшкан да", - деди ал.
Ошондой эле УКМК жетекчиси 6-декабарда кармалган Мамлекеттик салык кызматынын башчысы Алтынбек Абдуваповдун кызмат ордун убактылуу аткарууга дайындалган Кыдыкбек Кыдыров дагы бул ишке тиешеси бар экенин аныкталып, жумуш ордунан четтетилгенин кошумчалады.
Белгилей кетсек, Абдувапов менен бирге анын орун басары Исламбек Кыдыргычов да электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды пайдалануу менен байланышкан махинацияларга шектелип кармалган.