Экс-вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев эч жакка чыкпоо тил катынын негизинде камактан бошотулду. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 7-январда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунан ырастады.
Маалыматка ылайык, райондук сот мындай чечимди 2024-жылдын 30-сентябрында кабыл алган.
Буга чейин Зилалиев 2024-жылдын 4-ноябрына чейин камакка алынганы белгилүү болгон. Мурдагы мамлекеттик кызматкер кен иштетүүгө лицензия берүүдө коррупциялык аракеттерге барган делип шек саналып жаткандыгы кабарланган болчу.
Белгилей кетсек, мурун да 2019-жылы Зилалиевге карата Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин "Жооптуу кызматты ээлеген кызматкердин мыйзамсыз баюусу" беренеси боюнча иш козголгон. Кылмыш иши 2018-жылы УКМК анын декларацияга киргизилбеген кыймылсыз мүлктөрү, банктык эсеби бар экенин аныктаганы тууралуу маалымат тараткандан кийин ачылган. 2020-жылы ал райондук сот тарабынан 9 жылга эркиндигинен ажыратылган. Бирок 2021-жылы Жогорку Сот ага карата чыгарылган өкүмдөрдү жокко чыгарып, ишти кайра кароого жөнөткөн. 2022-жылдын январь айында ал абактан бошотулган болчу.
Мурдагы вице-премьер 2023-жылы да пайдалуу кендери бар жерлерге лицензия берүү маселеси боюнча кармалып, иши каралган.