Дүйшөнбек Зилалиев УКМК тарабынан кармалды

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин мурдагы жетекчиси З.Д.Т. кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал козголгон кылмыш ишинин алкагында УКМК тарабынан кармалган.

"З.Д.Т. 2017-жылы ыйгарым укуктарына таянып, пайдалуу кендери бар жерлерге лицензия берүү маселесин чечип берүүнү убада кылып, Б.Р. аттуу жарандан 50 миң доллар өлчөмүндө акча каражатын алганы аныкталды.

Бирок З.Д.Т. айтылган убадаларын аткарган жана алган акча каражаттарын кайтарып берген эмес. Кечээ, 15-мартта ал УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди" деп айтылат УКМКнын маалыматында.

Эске салсак, буга чейин, 2018-жылы Зилалиевге карата "мыйзамсыз байыган" деген айып менен кылмыш иши козголуп кармалган. 2022-жылдын январь айында ал абактан бошотулган болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан