Бишкек шаарынын мэри: "Бийликтен аз көңүл бурулганына карабай “Тамашоу” чоң ийгиликтерди жаратып келет"
Ушул тапта “Тамашоунун” чейрек финалынын биринчи күнүндө Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов келип куттуктады. “Тамашоу” жакында эле Астанага барып чемпион болуп келди. Бийликтен аз көңүл бурулганына карабай “Тамашоу” чоң ийгиликтерди жаратып келет. Андыктан ушул “Тамашоунун” үстүндө иштегендердин бардыгына ыраазычылыгымды билдирем”,- деди шаар башчысы. Ошондой эле Иса Өмүркулов Кыргызстанга кыргыз тилин жайылтып, жаштарды жакшы нукка тарбиялап жаткан “Тамашоуго” ыраазычылык катын берди.