Бүгүн, 8-январда журналисттер менен жолугушууда Сауд Арабиядагы Кыргызстандын
элчиси Жусупбек Шарипов
“Манас” аэропортуна жакын жерде Сауд Арабия менен
биргеликте логистикалык борбордун ачылышы пландалууда” деп билдирди.
Анын айтымында,
аталган долбоорду ишке ашыруу КРнын Айыл чарба министрлигинин жетекчилеринин
айынан улам кийинкиге жылдырылууда.
“Айыл чарба министрлиги Чүй облусунун
аймагынан 50 гектар жерди бөлүп берүү боюнча убада берген. Маселе жакынкы күндө
чечилет деп ишенебиз. Алгач 5 гектар алууну көздөп жатабыз. Талап боюнча
логистикалык борбор “Манас” аэропортунан 50 чакырым алыстыктагы радиуста
жайгашуусу керек”,- деди Жусупбек Шарипов.
Элчи аталган борбор аркылуу
Кыргызстан бир гана Сауд Арабиясынан эмес, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнөн айыл чарба
продукцияларын импорттоого мүмкүнчүлүк аларын кошумчалады.