Кожобек Рыспаев: "Ош аэропортунун директорунун үстүнөн кылмыш иши козголгонуна карабай, дагы деле иштеп жатат"

"Ош аэропортунун учурдагы директорунун үстүнөн кылмыш иши козголсо да, дагы деле иштеп жатат". Бул тууралуу ЖКнын 14-декбардагы жыйынында депутат Кожобек Рыспаев маалымдады. Анын айтымында, үстүнө кылмыш иши козголгон адам жетекчилик кызматта иштеп жатканы туура эмес. "Ош аэропортунун директорун иштен алып, ордуна жаңы жетекчи дайындалган. Ал жаңы жетекчинин үстүнөн кылмыш изи козголгонуна карабай, дагы деле иштеп жатат. Ал киши эмне ушунчалык эле кыйынбы? Же соттордун баарын сатып алганбы? Бул ишти тийиштүү органдар карап чыгыш керек",- деди эл өкүлү.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан