15-декабрда Кыргыз ССРинин Эл артисти Уран Сарбагышевди эскерүү кечеси өтөт

Бишкек шаарындагы Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында балетмейстер, Кыргыз ССРинин Эл артисти, СССРдин мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Уран Сарбагышевди эскерүү кечеси өтөт. Белгилүү чебердин урматына көрүүчүлөргө КРнын Эмгек сиңирген артисти Талант Осмонов (Спартак), Асель Адарова (Фригия), Елена Овчинникова (Эгина), Александр Брюханов (Красс) жана спектаклдын дирижёру Нурматбек Полотовдун коштоосунда “Спартак” аттуу балети коюлмакчы. Эскерте кетсек, Уран Сарбагышев 2012-жылы 19-февралда жарык дүйнө менен кош айтышкан.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан