Жогорку Сот акын Аскат Жетигендин ишине чекит койду

Жогорку Сот бүгүн, 18-мартта акын жана активист Аскат Жетигендин арызын карап, биринчи жана экинчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу маалыматты соттон билдиришти.

Белгилей кетсек, былтыр 1-июлда Свердлов райондук соту Аскат Жетигенди “Бийликти басып алууга чакырык жасоо” беренеси менен күнөөлүү деп таап, 3 жылга эркиндигинен ажыраткан. Ал эми “Массалык башаламандыктарга чакыруу” беренеси боюнча сот активистти актаган.

Ал апелляциялык арыз менен шаардык сотко кайрылган болчу. Ал эми Бишкек шаардык соту апелляциялык арызды карап, Свердлов райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырган.

Эскерте кетсек, Аскат Жетиген 20-мартта кармалып, Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алынган. Ал “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти басып алууга чакырык жасоо” беренелери боюнча айыпталган.

Ага чейин акын былтыр 15-мартта кайрылуу жасап, бийликти сөгүп билдирүү жарыялаган. УКМК тарабынан 16-мартта кармалып, 48 саатка камакка алынган. 18-мартта Биринчи май райондук соту аны эч жакка чыкпоо тил каты менен бошоткон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан