Ырчы Аскат Жетиген эки айга камакка алынды (видео)

Ырчы, акын жана активист Аскат Жетиген 19-майга чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алынды. Мындай чечимди бүгүн, 20-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды.

Анын жактоочусу Венера Буудайбекова ырчыга 15-мартта Фейсбуктагы баракчасында жасаган кайрылуусу боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык баш аламандыктар” беренеси менен дагы бир эпизод боюнча кылмыш ишин козголгонун айткан.

Белгилей кетсек, ал 2021-жылдан бери азыркы бийликтин аракеттерин кескин сындаган видео билдирүүлөрдү чыгарып келген. Акыркы ирет 15-мартта кайрылуу жасап, бийликти сөгүп билдирүү жарыялаган эле.

Аскат Жетиген УКМК тарабынан 16-мартта кармалып, 48 саатка камакка алынган.

18-мартта Биринчи май райондук соту аны эч жакка чыкпоо тилкаты менен бошоткон.

Биринчи май райондук соту 20.03.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан