Ырчы жана активист Аскат Жетиген кармалды

Ырчы, акын жана активист Аскат Жетиген 16-мартта УКМК тарабынан кармалып, 48 саатка камакка алынды. Бул тууралуу анын жактоочусуна таянып “Азаттык” сайты жазды.

Андагы маалыматка караганда, атайын кызмат ырчыны Кочкор районунан кармап, Бишкек шаарына алып келген.

Анын жактоочусу Венера Буудайбекова түшүндүргөндөй, УКМК ырчынын видео билдирүүлөрүнөн улам “бийликти басып алууга чакырык жасалган” деп шек санап, 2022-жылы кылмыш ишин козгогон. Аскат Жетиген ага байланыштуу бир нече жолу сурак берип чыккан. Тергөөчү ырчы сөздөрүнө байланыштуу экспертизалык корутундунун негизинде кармалганын айткан.

Атайын кызмат бул боюнча азырынча расмий маалымат бере элек.

Аскат Жетиген ырчы, комузчу, обончу, композитор, акын. Ал “Зарыкканда” деген ыры менен белгилүү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан