Ырчы Аскат Жетиген эч жакка чыкпоо тил каты менен бошотулду 

Бүгүн, 18-мартта ырчы, акын жана активист Аскат Жетиген эч жакка чыкпоо тил каты менен бошотулду. Анын баш коргоо чарасы Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралды.

Ал жараяндан чыккан соң журналисттерге учкай комментарий берип, соттун чечимине ыраазы экенин айтты.

Буга чейин өзүнө коюлган айыптарды четке каккан.

Коомчулукка Аскат Жетигенге кылмыш иши 2022-жылы козголгону ал кармалгандан кийин маалым болгон.

Ага Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси (Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар) менен иш козголгон.

Белгилей кетсек, ал УКМК тарабынан 16-мартта Кочкор районунан кармалып, Бишкек шаарына алып келингени маалым болгон.

Аскат Жетиген буга чейин бийликти сындап келген. Акыркы ирет 15-мартта кайрылуу жасап, бийликти сөгүп билдирүү жарыялаган эле.

Биринчи май райондук соту
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан