Жантөрө Сатыбалдиев Оштун мэрин шайлоодо ызы-чуу жаралышы мүмкүн экенин айтты

Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев өлкөдө мэрлерди түз шайлоо аркылуу тандап алууну колдойт. Муну премьер бүгүн, 10-январда маалымат жыйында айтты. “Жарандар кимди мэр кылып тандоону өздөрү чечиши керек. Алар кимге ишенсе ошол талапкерди тандаганы оң. Мен талапкер көрсөтсөм сындап чыгышмак. Мага айырмасы жок, шаардык кеңеш кимди мэр кылып шайласа да мен аны менен иштешүүгө даярмын”,- дейт Сатыбалдиев.

Өкмөт башчы Бишкектин мэрин шайлоо тынч өтөрүн, Ош шаарынын башчысын шайлоодо ызы-чуу жаралышы мүмкүн экенин кошумчалады. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан