2014-жылдын 8-февралында Кыргызстан мусулмандарынын Курултайы болот. Анда жаңы муфтий шайланат. Бул туурасында Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, учурдагы муфтийдин милдетин аткаруучу Максат Токтомушев чогулуш өткөрүп, анда Курултай боло турчу күн белгиленген.
Эске сала кетсек, 7-январда Кыргызстандын муфтийи Рахматулла Эгембердиев кызматтан кетүү боюнча арызын жазган. Анын кызматтан кетишине 2013-жылдын 30-декабрында интернет булактарына "глава ДУМК Рахматулла Эгембердиев" деген аталыштагы порнотасма жарыяланганы себеп болду. Тасмада Кыргызстандын муфтийи Рахматулла Эгембердиевдин айым менен энеден туума жылаңач "сүйүү отуна" батып жаткан учуру чагылдырылган эле.