2013-жылдын декабрь айында өлкөнүн жети облусунда туризмди өнүктүрүү боюнча кеңештер түзүлгөн. Үстүбүздөгү жылдын февраль айында вице-премьер-министр Камила Талиеванын катышуусунда кеңештердин жыйыны өтөт. Анда туризмди өнүктүрүүнүн жолдору, 2014-жылга белгиленген иш-чаралар талкууланмакчы. Мындан улам Туризм департаменти бардык жарандардан туризмди өнүктүрүү боюнча сунуш-пикирлерди күтөт.