Алиясбек Алымкулов: "Кыргызстандын жарандары каттоосуз окуп жана иштегенге мүмкүнчүлүк алышат"

Кыргызстандын жарандары эми каттоосуз эле окуп жана иштегенге мүмкүнчүлүк алышат. Бул тууралуу Жаштар жана эмгекке орноштуруу министри Алиясбек Алымкулов "Ата Мекен" фракциясынын жыйынында билдирди. Алиясбек Алымкуловдун айтымында, министрлик "Жумушсуз элдерге жардам берүү" мыйзам долбоорун иштеп чыкты. "Биздин мыйзам долбоор 1998-жылы эле иштелип чыккан. Анткени ошол жылдан бери ички миграция Кыргызстанда аябай күч алды. 2010-жылы аталган мыйзам долбоорго оңдоолор киргизилмек, бирок апрель окуясына байланыштуу иш аягына чейин чыкпай калган. Азыр "Жумушсуз элдерге жардам берүү" мыйзам долбооруна Кыргызстандын бардык жарандарына өлкөбүздүн кайсы бурчунда болбосун каттоосуз окуп жана иштегенге мүмкүнчүлүк берүү тууралуу толуктоолорду киргизип жатабыз",- деди Алиясбек Алымкулов.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан