Депутаттар Чүйдөгү бир катар социалдык мекемелердин абалы менен таанышышты (фоторепортаж)

Төрага Асылбек Жээнбеков баштаган Жогорку Кеңештин депутаттары 11-январда Чүй облусунда бир катар социалдык мекемелердин абалы менен таанышып чыгышты. Эл өкүлдөрү Жайыл районундагы Үй-бүлөлүк медицина борборунда, Кара-Балтадагы “Шарлотта” балдардын кризистик борборунун жана Сосновка айылындагы орто мектепте болушту. Аталган мекемелердин жетекчилери арыз-муңдарын айтышты.

“Шарлотта” балдардын кризистик борборуна Жогорку Кеңештин төрагасынын фондунан 100 миң сом жардам көрсөтүлдү. Буга чейин аталган борбордун өкүлдөрү Жогорку Кеңешке каржылык жардам көрсөтүү боюнча кайрылышкан. Ал эми Сосновка айылындагы орто мектепке төраганын фондунан 50 миң сом жардам берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан