Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев Facebook баракчасында жердештерине жыл сайын бир ирет маданий иш-чара уюштуруп келерин билдирди.
"Бул ирет да Гүлчөдө Алай, кара-суулук санаалаштарга эсте каларлык иш-чара уюштурдук. Мыктыларды сыйлап, бир нече мектепке заманбап интерактивдүү панелдерди тапшырдык! Бар болгула, элет эли!" - деп жазган ал.
Эл өкүлү баракчасына бөлүшкөн видеодон эстрада ырчылары Аваз Акимов менен Айдана Деканы, Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти Майрамбек Осмоновду көрүүгө болот.