Бүгүн, 22-майда өлкө башчы Садыр Жапаров Венгрияга болгон иш сапарын аяктап, Бишкекке кайтып келди. Бул тууралуу президенттик администрация билдирди.
Белгилей кетсек, мамлекет башчы Будапешт шаарына 20-майда иш сапары менен барган. Садыр Жапаров 21-майда Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Ошол эле күнү мамлекет башчы Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын бейформал саммитине төрагалык кылды.