Садыр Жапаров иш сапары менен Мажарстанга барды (видео)

Бүгүн, 20-майда президент Садыр Жапаров иш сапары менен Будапешт шаарына барды. Бул туурасында мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, өлкө башчысынын учагы Ференц Лист атындагы эл аралык аэропортко конду. Аны Мажарстандын министри Гергей Гуйяш жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

Аэропорттун флагштокторуна ТМУга мүчө жана байкоочу мамлекеттердин желектери илинип, килем төшөлүп, анын боюнда ардактуу караул тизилген. Президент иш сапарынын алкагында Түрк мамлекеттер уюмуна катышуучу өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын бейформал саммитине катышат.

20.05.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан