Садыр Жапаров ТМУнун Будапешттеги жыйынында эмнелерге токтолду?

Бүгүн, 21-майда президент Садыр Жапаров Венгрияда өткөн Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын бейформал саммитинде сөз сүйлөп, Венгрия Европа биримдиги менен түрк дүйнөсүнүн ортосундагы чыныгы көпүрөгө айланганын баса белгиледи. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, жолугушуунун темасы "Чыгыш менен Батыштын жолугушуу жери" деп аталды.

"Будапешт шаарындагы бүгүнкү жолугушуубуз былтыр ноябрь айында өткөн Бишкек саммитинин логикалык уландысы болуп саналат. "Түрк дүйнөсүн күчтөндүрүү: экономикалык интеграция, туруктуу өнүгүү, санариптик келечек жана бардыгы үчүн коопсуздук" деген ураан астында өтүп жаткан учурдагы Кыргызстандын төрагалыгы өлкөлөрүбүздүн ортосундагы кызматташтыгыбызды бекемдөөгө багытталган", - деди Садыр Жапаров.

Кошумчалангандай, Жапаров бир катар маанилүү иш-чараларды өткөрүү пландары тууралуу маалымдап, Кыргызстандын демилгеси менен күзүндө өткөрүлө турган премьер-министрлердин жана вице-президенттердин жолугушуусуна чакырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан