"Жакшы сөздөрүңүздөр мага дем-күч берди". Рысгүл Акимжанова Эвересттеги видеосу менен бөлүштү 

Эверестти багындырган жеке ишкер, альпинист Рысгүл Акимжанова Эверест чокусунда тартылган видеосун социалдык тармактагы баракчасына бөлүштү.
"Бүгүн эртең менен жер жүзүндөгү эң бийик Эвересттин чокусунан, 8849 метр бийиктиктен Кыргызстандын желегин көтөрдүм! Кыргыз элиме чоң салам айтам!
Бир жуманын ичинде эки жолу Эверестке чыгуу — мен үчүн абдан чоң сыноо болду. Бул көтөрүлүү психологиялык, эмоционалдык жана физикалык жактан өтө оор өттү. Ошентсе да ар дайым мага ишенип, колдоо көрсөтүп турган ар бириңизге терең ыраазычылык билдирем. Жакшы сөздөрүңүздөр мага дем-күч берди", - деп жазды ал.
Бүгүн, 28-майда Акимжанова дүйнөнүн эң бийик тоосу — Эвересттин чокусуна (8848 метр) ийгиликтүү чыгып, Кыргызстандын туусун желбиреткени маалымдалган.

Эске салсак, 11-майда Эверестти Кыргызстандын тарыхында айымдардын ичинен биринчи болуп альпинист Асел Байбагышева багындырган.

SUPER.KG порталынын Асел Байбагышева менен курган маегин шилтемеден окуй аласыздар. Ал Эверестти багындырууну көздөп, даярдык көрүп жаткан учурда маанилүү жаңылыктары менен бөлүшкөн.

27.05.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан