Шерзат Болаттын өлүмү: Сот айыпталуучуларга өкүм чыгарды

Бүгүн, 5-июнда Казактсандын Талдыкорган соту 16 жаштагы Шерзат Болаттын өлүмү боюнча тогуз айыпталуучуга өкүм чыгарды. Бул тууралуу казак басылмалары жазууда.

Маалыматтарга караганда, башкы айыпталуучу Абзал Шынасыл "Адам өлтүрүү", "Адам өлтүрүүгө аракет кылуу" жана "Бейбаштык" беренелери боюнча күнөөлүү деп табылып, 23 жыл эркинен ажыратылган.

Равиль Сакиев "Бейбаштык" жана "Адам өлтүрүүгө аракет кылуу" беренелери боюнча 20 жылга эркинен ажыратылса, Азамат Токтаубаев мурда оор кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгондугун жана ал үчүн өтөй элек жаза мөөнөтүн эске алуу менен "Бейбаштык", "Уурулук" беренелери боюнча 15 жылга кесилген.

Нуркыяс Ильясов мурда соттолгондугу жана өтөй элек жаза мөөнөтү эске алынуу менен "Бейбаштык" беренесинин негизинде 9 жылга эркинен ажыратылган.

Шынгыс Белгожаев, Дархан Аскентай, Нурбол Токтаубаев жана Дидар Калиахмет "Бейбаштык" менен 7 жылга абакка кесилишкен. Ал эми жашы жете элек Думан Искакка 1 жыл 6 ай жаза мөөнөтү чегерилген.

Эске салсак, окуя өткөн жылдын 4-октябрында Талгар шаарында орун алган. Анда кардарлар өспүрүмдүн үй-бүлөсү иштеткен дүкөндөн спирт ичимдиктерин алып, акчасын бербей коюшкан. Мындан улам Шерзаттын атасы менен кардарлардын ортосунда пикир келишпестик орун алган. Натыйжада 16 жаштагы өспүрүм аталган жарандардын колундагы бычактан жаракат алып, оорукананын жандандыруу бөлүмүндө каза тапкан.

Алматы облусунун прокуратурасы жалпы 7 шектүүнү кармагандыгын билдирген.

Аталган окуядан көп өтпөй, 9-декабрда Талгар шаарынын жанынан 30 жаштагы жарандын жансыз денеси табылган. Ал асынып алганы айтылган. Каза болгон жаран Талгар шаарында өлтүрүлгөн өспүрүм Шерзат Болаттын агасы экени белгилүү болгон.

Ал эми 10-декабрда анын сөөгү жерге берилгенден кийин Шерзат Болаттын атасы өзүнө кол салууга аракет кылып, полиция кызматкерлерине дагы бычак менен тап берген. Ал 15 суткага камакка алынып, 26-декабрда бошотулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан