Шерзат Болаттын трагедиялуу өлүмү: Каза болгон агасынын каты табылды

Коңшу Казакстандын Алматы облустук полициясы Шерзат Болаттын агасы өз жанын кыйганы тууралуу кат калтырганын билдирди.

"Иликтөөнүн жүрүшүндө маркум өзүнүн жакындарынын бирине мессенжер аркылуу өз жанын кыюу тууралуу кат жибергендиги аныкталган. Кайрылууда маркум коштошуп, сөөгүн инисинин жанына коюуну суранган", - деген Алматы облустук ички иштер башкармалыгынын башчысынын биринчи орун басары Багдат Ашимов.

Эске сала кетсек, бүгүн Талгар шаарынын жанынан 30 жаштагы жарандын жансыз денеси табылган. Алдын ала маалыматтарга караганда, ал асынып алган. Каза болгон жаран Талгар шаарында өлтүрүлгөн өспүрүм Шерзат Болаттын агасы экени белгилүү болгон.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголду. Учурда бардык жагдайларды аныктоо боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан