Бишкекте белгилүү дүйнөлүк жылдыз Dj Igor Project`тин катышуусунда кайрымдуулук концерт өтмөкчү. Бул тууралуу концерттин уюштуруучулар билдирди. Жогоруда аты аталган жылдыз атайын Улуу Британиядан Кыргызстанга келген. Концерт борбор калаабыздагы ресторандардын биринде өтүп, чогулган акча кайрымдуулукка жумшалат. "Биз чогулган акчага эл аралык деңгээлдеги 10 англис тилчи мугалимин 6 айга чакыралы деп жатабыз. Алар чогулган акчага 5 балдар үйүндө балдарды англис тили боюнча окутушат",- дешти концерттин уюштуруучулары. Кошумчалай кетсек, кайрымдуулук концерттин билет баасы 1000 сом турат.