Жашы жете элек айыпталуучу бошотулду. Эмнеге?
Казакстандын Талгар шаарында мыкаачылык менен өлтүрүлгөн өспүрүм Шерзат Болаттын иши боюнча соттолгон жашы жете элек Думан Искаков абактан бошотулду. Бул тууралуу Шерзаттын үй-бүлөсүнүн жактоочусу Мейрман Шекеев өзүнүн социалдык желедеги баракчасынан билдирди.
"Искаков биринчи инстанциядагы соттун өкүмү менен белгиленген жаза мөөнөтүн өтөп жатканына байланыштуу Алматы облустук сотунун кылмыш иштери боюнча коллегиясынын судьясы Мусабекованын 2025-жылдын 23-июлундагы аныктамасынын негизинде ага карата баш коргоо чарасы жокко чыгарылып, камактан бошотулду",- деди жактоочу.
Шерзаттын иши боюнча апелляциялык соттук отурум 18-августта Алматы облустук сотунун имаратында саат 11:00гө белгиленди.
Шерзаттын ишинде ким жана кайсы берене менен айыпталууда?
Абзал Чынасыл - киши өлтүрүү боюнча (Казакстандын Кылмыш-жаза кодексинин 99-беренесинин 2-бөлүгү) айыпталган. Ошондой эле кошумча адам өлтүрүүгө аракет кылуу (Кылмыш-жаза кодексинин 24 жана 99-беренелери) жана бейбаштык (ККнын 293-беренесинин 3-бөлүгү) боюнча айыпталууда.
Соттолуучу Равил Сакиевге 293-берененин 3-бөлүгү (Бейбаштык), ошондой эле адам өлтүрүүгө аракет кылуу боюнча айып тагылган.
Шерзаттын өлүмү боюнча башкы айыпталуучу күнөөсүн мойнуна албай келет.
Соттолуучулар Чынгыс Белгожаев, Дархан Аскентай, Нуркыяс Ильясов, Нурбол Токтаубаев, Азамат Токтаубаев, Дидар Калиахмет ок атуучу куралдарды, газ куралдарын, бычактарды, жез муундарды жана ден соолукка зыян келтирүүчү башка атайын куралдарды колдонуу же колдонууга аракет кылуу менен бейбаштык кылгандыгы үчүн айыпталган.
Жабырлануучу тарап сот отурумунда каргашалуу окуя кылмыштуу топ тарабынан жасалганын айтып келет, бирок иш бул берене менен каралган эмес.
Мындан тышкары, Азамат Токтаубаевге уурулук боюнча кылмыш иши козголду.
Жашы жете элек Думан Искаковго "Оор кылмыш тууралуу билдирбөө" беренеси боюнча айып тагылган.
5-июнунда Талгар райондук соту жашы жете элек Шерзат Болаттын өлүмүнө байланыштуу иш боюнча өкүм чыгарды. Сотту судья Эржан Жанузаков өткөрдү.
Өкүмгө ылайык:
Абзал Чынасыл - 23 жылга эркинен ажыратуу,
Равиль Сакиев - 20 жыл,
Азамат Токтаубаев - 15 жыл,
Нуркыяс Илиясов - 9 жылга (мурда өтөгөн 2,5 жыл эркиндигин чектөөнү эске алуу менен),
Шынгыс Белгожаев, Дархан Аскентай, Нурбол Токтаубаев, Дидар Калиахмет - 7 жылдан,
Думан Искаков - 1,5 жылга эркинен ажыратылды. Бул учурда СИЗОдогу бир күн эки деп эсептелген.
Өспүрүмдү өлүмгө алып келген окуянын чоо-жайы
Эске салсак, окуя өткөн жылдын 4-октябрында Талгар шаарында орун алган. Анда кардарлар өспүрүмдүн үй-бүлөсү иштеткен дүкөндөн спирт ичимдиктерин алып, акчасын бербей коюшкан. Мындан улам Шерзаттын атасы менен кардарлардын ортосунда пикир келишпестик орун алган. Кийин кадар досторун чакырып, натыйжада 16 жаштагы өспүрүм айыпталуучулардын биринин колунан бычак жеп, оорукананын жандандыруу бөлүмүндө каза тапкан.
Алматы облусунун прокуратурасы жалпы 7 шектүүнү кармагандыгын билдирген. Бирок ал жерде 13 жаран болгондугу айтылып келет.
Аталган окуядан көп өтпөй, 9-декабрда Талгар шаарынын жанынан 30 жаштагы жарандын жансыз денеси табылган. Ал асынып алганы айтылган. Каза болгон жаран Талгар шаарында өлтүрүлгөн өспүрүм Шерзат Болаттын агасы экени белгилүү болгон.
Ал эми 10-декабрда анын сөөгү жерге берилгенден кийин Шерзат Болаттын атасы өзүнө кол салууга аракет кылып, полиция кызматкерлерине дагы бычак менен тап берген. Ал 15 суткага камакка алынып, 26-декабрда бошотулган.